Өкмөт кен иштетүү чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо маселелерин өзгөчө көзөмөлдөйт
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңештин "Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө" чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны 2019-жылдын 30-январында өткөн.
Өкмөт тоо-кен тармагында, кен иштетүү чөйрөсүндө жылдар бою топтолгон олуттуу көйгөйлөрдү, анын ичинде тоо-кен жаатын өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын өз ара натыйжасыз аракеттенүүсүн чечүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыттары катары көрөт.
Өкмөт Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
