super.kg logo

Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан кийин дагы 9 кытай жумушчусу ооруканага кайрылды

 

Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган кытай жумушчуларынын саны өстү. Бүгүн, 6-августта дагы 9 жумушчу ооруканага кайрылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Саат 15:00гө карата "Zhong Ji Mining" компаниясынын 19 жумушчусунун абалы канааттандырарлык делинип, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ал эми 1 жергиликтүү тургун аталган оорукананын травматология бөлүмүндө дарылануусун улантып жатат.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна дагы 9 адам кайрылган. Алар кытай компанясынын жуушчулары болгон. Буга чейин 19 жумушчу кайрылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн",
- деди маалымат кызматынан.

Бүгүн, 6-августта 29 жергиликтүү тургун артериялык гипертензия менен медициналык жардам сурап кайрылган.
Ал эми саат 13:00гө карата Нарын облустук бириктирилген ооруканасына медициналык жардам сурап 21 адам кайрылган. Анын ичинен 20 кишиге жардам көрсөтүлгөн. Алардын 19у кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясынын жумушчулары, бирөө жергиликтүү тургун. Кытайлык компаниянын дагы бир жумушчусу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага десе кытайдын 1.5 миллиардды кайрылбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: