super.kg logo

УКМК Солтон-Сарыдагы жаңжалдын видеолорун жайылтпоого чакырат

 

5-августта Солтон-Сарыда эл чогулуп, алтын казып жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотуусун талап кылган. Мындан улам жергиликтүү калк менен кытай жумушчуларынын ортосунда пикир келишпестиктер орун алып, бири-бирине таш ыргытып жаңжал чыккан.

Окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет сайттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын Солтон-Сары алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу коомдо улуттар аралык тирешүүгө алып келе турган видеоматериалдарды жайылтпоого чакырды.

“Видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратышы мүмкүн. Ошондой эле инвесторлор менен "Zhong Ji Mining" компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын мамилеси улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу ыктымал.

Буга байланыштуу УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну жараткан маалыматтарды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлорго эскертүү берерин билдирет”, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
06.08.2019. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Он Арчада интернет иштебей жатыптыр. Мамлекет элдин келечегин, жашоосун, эркиндигин чектеп жатат. Эмнеге Нарында болуп жаткан окуяны башка областтагы элдер билбеш керек ?
07.08.2019. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
УКМК кытайга эскертуу берсенер кытайдын акчасын жеп алып арам тамак чондор кайра оз элине душман болот бок курсактар арам тамактар силерде намыс деген барбы
Abdizhapar түзөттү 2019-08-07 00:32:54
07.08.2019. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Тынчылык эле болсун кытайлар чыкпаса болду очошуп
07.08.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
УКМК эки жүздүү саясатты жүргүзгөн Жээнбековтун чөнтөк органына айланып калыптыр.
07.08.2019. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Наалат силерге
07.08.2019. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы технология онуккон заманда эч кандай корунуштор коз жаздымда калбайт.
Дароо элге жетет соц.тармактар аркылуу.
07.08.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
УКМК уялып жатыптыр Солтон Сарыдакы видеодон,чыгарбай тургула эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: