super.kg logo

Аймактык китепканалардын базасында эрте куракта өнүктүрүүнүн пилоттук борборлорун түзүү концепциясы бекитилди

 

Билим берүү жана илим министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте аймактык китепканалардын базасында эрте куракта өнүктүрүүнүн пилоттук борборлорун түзүү концепциясы, иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн, ошондой эле китепканалардын базасында мектеп жашындагы балдардын ийримдер аркылуу кошумча билим алуусунун маанилүүлүгүн эскертип өттү.

"Өкмөт тарабынан 2023-жылга чейин 80 пайыз балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу милдети коюлган. Бул үчүн биз бала бакчалардын, энелер мектептеринин, китепканалардын жана башка мүмкүн болгон аянттардын базасында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана мамлекеттик социалдык буйрутма принциптерин колдонуу менен ар кандай альтернативдик варианттарды пайдаланууга тийишпиз", – деди вице-премьер-министр.

Учурда республиканын ар бир облусунда 9 аймактык китепканада пилоттук режимде мындай борборлор ачылган, алар өнүктүрүүчү окуу материалдары менен жабдылып, китепканалардын жумушчулары балдар менен иштөө боюнча атайын тренингден өтүшкөн. Бул борборлор 400 баланы камтыйт. Мындан ары бул өңдүү борборлорду дагы 40 аймактык китепканада ачуу пландаштырылууда.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, республика боюнча 1050 китепкана бар.

"Балдарын бул борборлорго жөнөтүүнү каалаган жарандардын зор кызыгуусу байкалууда. Биздин максатыбыз китепканаларды балдар жана чоңдор үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн маданий билим берүү мейкиндиги кылуу болуп саналат", – деди Кайрат Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: