super.kg logo

Президент топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү болуп саналат.

Анда акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү, ачык, корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фондорду киргизүү каралган.

Ачык пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, иштеген жерине жана ишинин мүнөзүнө карабастан, кандай болбосун жеке жактар анын катышуучусу боло алат.

Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор алуучулар - ошол топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу жана акционерлери болуп саналышкан бир же бир нече юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн түзүлөт. Келечекте келип түшкөн каражаттар эмгекчилерге инвестициялык кирешелерди алып келишине жетишүү максатында топтолмо пенсиялык фонддор түзүлөт.

Топтолгон пенсиялык каражаттарды түзүүнүн жана инвестиция кылуунун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында анын майнаптуулугун жогорулатуу топтомо пенсиялык системинин институтун түзүүнүн негизги принциби болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.08.2019. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо тушунбой калдым бул кандай пенсия?Инвалиттердинда пенсиялары которулобу ошондо?Сураныч жооп берип койгулачы админ.
07.08.2019. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эс алып журотлего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: