super.kg logo

ЖЭБ соту: Айбек Калиев менен Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга камакка калтырылды

 

Бишкек шаардык соту ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка айыпталып жаткан "Электр станциялар" ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу шаардык сотко байланышканыбызда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, чечим кечээ, 6-августта чыккан.

Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тарабынан ушул жылдын 19-апрелинде Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим өзгөртүлдү.

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун пайдасына Калиев, Кыдырбаев жана Бримкулов 3 миллион 808 миң 702 сом материалдык чыгымды төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсына жогоруда аты аталгандар биригип 1 миллион 376 миң 682 сом төлөөгө милдеттендирилди.

"Кыдырбаев жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулду. Ал эми Айбек Калиев менен Темирлан Бримкуловго карата Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган эки жарым жылга эркинен ажыратуу чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Жактоочулардын жана айыпталуучу Калиевдин апелляциялык арызы канааттандырылган жок", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Калиев, Кыдырбаев жана Бримкулов менен кошо айыпталып жаткан дагы 4 соттолуучуну сот залынан бошоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
07.08.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
364 млн доллорду жеп койгондор 2.5 ЖЫЛга кесилди СИЗОдо бир жыл олтурду эки жыл болуп эсептелет эртен 6 айдан кийин чыгат 3 млн сом эле толойт да талтандап журоберет. мына бизде млн $$$ уудап Коррупция озгочо кылмыш м.н кармалгандар 2.5 жылга камалат. Тоок уудагандар 5/10 жылга камалат.
Aza17 түзөттү 2019-08-07 10:31:08
07.08.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
С.Исаковдун “мен бул долбоорду саясый жактан тездеткенге катышкандыгым үчүн сыймыктанамын” дегени жөн эле коомчулукка, мамлекетке карата “канчалык ызылдап-чуулдасаңар да колуңардан эмне келер экен” деген мазмундагы эрегиш катарында кабылданат. АШАныкындай эби жок көктүк десе да болот. Бирок антип көктүк кылып, элге эрегишкен менен фактылар бурчка такап турса, “балашка” каякка барат?
07.08.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100миллион жешти 2жыл 6 ай турмо кайра жашоо малина гоо арам акча менен
07.08.2019. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Миллион урдасан акталасын, телефон урдасан 8 10 жылга кесилесин..бул бизде. Элимдеп эл жерине куйсон 11 жылга камаласын монгу сатсан вице-премьер болосун..бул бизде. Элди карызга батырсан эл сени колдоп кундо сельфи кылат, ага каршы чыксан дагы соттолосун..бул бизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: