super.kg logo

УКМК: "Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин үй-бүлөсүнө кылмыш ишин козгоду"

 

Латвиянын укук коргоо органдары мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин үй-бүлөсүнө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргыз мамлекетинде козголгон кылмыш ишинин алкагында козголду. Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматы боюнча Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Депозиттик эсептер Жамиля, Алима, Бектур Зилалиевдердин наамына катталган. Эсептер аркылуу бир нече жолу акча которуулар болгону айтылат УКМКнын маалыматында.

Зилалиев 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдардагы түрдүү кызматтарды ээлеп, баасы анын расмий кирешесинен жогору мүлктөрдү сатып алган деп айыпталууда. Белгиленген 7 жыл ичинде ал Коргоо кеңешинин катчылыгынын катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, вице-премьер-министр жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын ээлеген.

Зилалиев 2-апрелде жасаган кайрылуусунда ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу түшкөнүн айткан. "Эгер ушундай көрсөтмө берсем, мен күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалашты" деген мурдагы вице-премьер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
07.08.2019. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жардам берели
Жардам берели
Жардам берели
Бул уй булого тезинен ооруу ойлоп табалы
Aza17 түзөттү 2019-08-07 11:24:56
07.08.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми Дуйшонбек уйбулосу м.н чогу ооруйт.
Биздин медиктер буларга ооруу ойлоп табышат.
07.08.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aza17,давлениясы тушуп ынжыктап олоюн деп атат деген диагноз коюшат эми
07.08.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тамагына таш тыгылгыр, жаш эле туруп неге ушундай сук болушат. Ушудардын айынан жаны торолгон баладан 90догу карыяга чейин ар бир жарандын мойнунда 40-45000сом карыз илинип турат
07.08.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тешип чыксын канча адамдын ырыскысын оксуткон
07.08.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колумдан келсе бул адамды кыйнап олтурмокмун моңгуну талкалаган ушул
07.08.2019. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nursultan93, ошо монгу учун алган акчалар болсо керек, эл саткыны деп ушуларды айтса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: