Декларация: ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбековдун жакындары былтыр 5 340 000 сом киреше табышкан

ЖКнын депутаты 2012-жылы негизги иш ордунан 963 601 сом киреше тапса, жакындарынын жылдык кирешеси 5 340 000 сомду түзгөн. Маалымат депутат тапшырган декларацияда көрсөтүлгөн. Мадылбековдун 230 чарчы метр аянтты ээлеген үйү, 4,5 гектар жерде фермасы, 65,1 чарчы метр аянтты ээлеген батири бар. Ал эми жакындары 95,4 жана 62,3 чарчы метр аянтты ээлеген 2 батирге, 460 чарчы метр жерди ээлеген административдик имаратка, 2004-жылы чыгарылган Лексус RX 330 жана 2006-жылы чыгарылган Тойота Раф-4 унаасына ээлик кылышат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

