Нарында 2 күндөн бери интернет байланышы эмне үчүн жок болуп жатат? Уюлдук операторлордун жообу
Солтон-Сары кенинде жана жалпы Нарын облусунда эки күндөн бери интернет байланышы жок болуп жатат. Бул тууралуу аталган облустун тургундары жана Солтон-Сары кенинде чыккан чырды чагылдырууга кеткен SUPER.KG порталынын кабарчылары да ырастап билдиришкен. "Бардык эле уюлдук операторлордун интернет байланышы жок болуп жатат. Кээде пайда болуп калат, бирок бат эле кайра үзгүлтүккө учурап калууда. Чектөө киргизилип же башка иш болуп жатканын билбей жатабыз", - дешет алар.
Мындан улам уюлдук операторлорго байланышып, эмне үчүн аталган аймакта интернет жок болуп жатканын сурадык. "Мegacom" уюлдук операторунун өкүлү Нарында электр энергиясын даректүү өчүрүүлөр жүрүп жатканын, буга байланыштуу электр берүү аппараттары жетишпей калып, интернет үзгүлтүккө учураганын билдирди. Ал эми "Beeline" уюлдук операторунун адистери абоненттердин көптүгүнөн интернет байланышы начар болушу мүмкүн экенин айтып түшүндүрдү. “О!” уюлдук оператору Нарын облусу боюнча интернет жок болуп жатканын айтып, бирок анык себебин түшүндүрүп беришкен жок. Аталган уюлдук оператор кырдаал тууралуу кабардар экенин, ыңгайсыздык үчүн кардарларынан кечирим сурай турганын кошумчалады.

Кыргыздын абасын да суусун да уулап жатат.
Ал жерде койлор ууланып олуп жатат ылдыйда Кыргыздын кыз келиндери абасын жутуп суусун ичишет Кыргыздын курсакта жаткан баласына чейин Уу жетет.
Кыргыздын курсактагы урпагын да уулап жатат.
Биздин б.к курсак Чондорго П.да. алтынды казып акчасын алуу к.к
Эмне, Сокени атамбаевчилерден башкасы сындай албайт бекен? Эл сындай албайт бекен? Сындагандардын баары эле атамбаевчи боло калат бекен? Мээн менен сенин...