super.kg logo

Нурмат Садыровдун "Келчи" чыгармасы "Супер хитке" кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна Нурмат Садыровдун "Келчи" чыгармасы кошулду.

31-ИЮЛДАН 7-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" композициясы ээледи.

8-орун - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклибине буюрду.

7-орунду - Асел Кадырбекованын "Телефон" видеоклиби камсыздады.

6-орунга - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы жайгашты.

5-орунду - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасы ээледи.

4-орунду - Анжеликанын "Айта берем" видеокомпозициясы камсыздады.

3-орун - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасына буюрду.

2-орунга - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" клиби жайгашты.

1-орун - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: