Кара-Сууда каналга агып кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Увам каналына агып кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
"6-августта саат 17:19да Увам каналында эркек кишинин агып бараткандыгы тууралуу маалымат аймактык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган. Алар саат 18:20да маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркумдун аты-жөнү такталууда", - деп кабарлады маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.