super.kg logo

Жаңы Зеландияда бою 1 метрге жеткен алп тоту куштун калдыктары табылды

 
Бою 1 метрге, салмагы 7-10 килограммга жеткен "Тажрыйбасыз Геракл" тоту кушу.
"Геракл" дүйнө жүзүндөгү эң чоң тоту куш аталган канатсыз какаподон эки эсе чоң.

Жаңы Зеландияда бою 1 метрге жеткен алп тоту куштун калдыктары табылды. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы билдирди.

Палеонтологдор дүйнөдөгү эң чоң көлөмдөгү, бою 1 метрге, салмагы 7-10 килограммга жакын тоту кушту табышты. Болжолдуу түрдө ал жырткыч канаттуу болгон. Күтүлбөгөн ачылышты жана анын көлөмүн баса белгилөө максатында кушка Heracles inexpectatus аталышын беришкен. Анын аталышы "Тажрыйбасыз Геракл" дегенди түшүндүрөт. Канаттууну 19 миллион жыл мурдагы мезгилге таандык калдыгын 2008-жылы табышкан, бирок алгач аны алп бүркүттүн бир бөлүгү деп ойлошкон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: