Солтон-Сарыдагы активисттер чогулган элди алкоголдук ичимдиктерден алыс болууга чакырды



Бүгүн, 7-августта Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинде 9 боз үй тигилгендиги маалымдалган. Бүгүн да аталган аймакка эл топтолду. Ар бир аймактан келгендердин арасында өздөрүнүн активисттери бар. Эртең менен алар боз үйлөрдүн бирине кирип, өз ара кеңешме өткөргөн.
Кеңешмеден чыккандан кийин, активисттер жайлоого топтолгондорду спирттик ичимдиктерди ичүүдөн алыс болууга чакырышты. Ким ичип мас болсо, ар кандай провокациялык абалды жаратса тартип сакчылары кармап кете тургандыгын эскертишти. Мындан тышкары алар кен иштетүүнү токтотуу гана максат экенин белгилешип, улут аралык кастыкты козутуучу учурларды жаратуудан сак болуу керектигин айтышты.
Активисттер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана президентке кат менен кайрыла тургандыктарын кошумчалашты.
