super.kg logo

Balance.kg тиркемесинин колдонуучулары 1 сааттын ичинде насыя ала алышат

 

Биринчи санариптик Beeline оператору "АБН" жана "Инком" микрокредиттик компаниялары менен биргеликте ыкчам насыя берүү кызматын иштеп чыкты. Эми Balance.kg мобилдик капчыгынын колдонуучулары 30 миң сомго чейинки насыяны эки кыймыл менен ала алышат.

2019-жылдын апрель айында Beeline оператору менен "АБН" микрокредиттик компаниясы Бишкек шаарынын тургундары үчүн пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Тагыраагы, кардарлар 5 миң сомго чейинки насыяны 15 күнгө, 1 же 2 айга пайызсыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Насыя алуу үчүн комиссияга акча алынат. Мисалы "АБН" компаниясы комиссия үчүн 60 сомдон 600 сомго чейин алат. Комиссиянын көлөмү алган каражаттын көлөмүнө жана канча убакытка алганына жараша болот. Мындай жеңилдетилген кызматты Бишкек шаарынын, Талас, Нарын, Ош облустарынын, Каракол, Суусамыр жана Кара-Бууранын тургундары колдоно алышат. Жакынкы арада жеңилдетилген насыяны алуу республиканын бардык аймактарында жеткиликтүү болот.

Ушул жылдын июнь айында Beeline операторуна "Инком" микрокредиттик компаниясы өнөктөш болуп, Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн насыялар берилип баштаган. Balance.kg мобилдик капчыгынын колдонуучулары "Инком" компаниясы аркылуу миң сомдон 30 миң сомго чейинки насыяны 1 айлык мөөнөткө ала алышат. Белгилей кетчү жагдай, насыя алууда комиссия үчүн акча төлөнөт. Комиссиянын көлөмү тууралуу маалымат тиркемеде бар.

Мобилдик капчык аркылуу насыя алуунун жол-жобосу:

• Balance.kg тиркемесин телефонго жүктөп, катталуу керек. Бул тиркеме Кыргыз жергесиндеги 3 мобилдик оператордун колдонуучуларына жеткиликтүү;

• "Онлайн Банк" бөлүмүндө "Получить кредит" дегенди тандоо;

• Насыя алуу боюнча билдирме калтырып, керектүү документтердин сүрөтүн тиркеп коюу керек. 10 миң сомго чейинки насыя алуу үчүн паспорт, ал эми андан чоң сумма болсо паспорт жана кирешеси тууралуу маалым кат керек. 1 саат аралыгында сиздин билдирмеңиз микрокредиттик компания тарабынан каралат. Компания сиздин билдирмеңизди жактыргандан кийин мобилдик капчыгыңызга акча которулат.

Эгер кардар биринчи жолу насыя алып жаткан болсо, анда микрокредиттик компаниянын каалаган кеңсесине барып насыя тууралуу келишимге кол коюу керек. Экинчи, үчүнчү жолку насыя алууда эч кандай келишимге кол коюу талап кылынбайт. Болгону онлайн билдирүү калтырып коюу жетиштүү.

Насыялар боюнча кененирээк маалымат менен Balance.kg тиркемесинен тааныша аласыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.08.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карыз артынан карызды чакырат
08.08.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп экен кантип уялбай чыгарышат ушундай калптарды
08.08.2019. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насыя алуу бишкек шаарынын тургундары үчүн гана жеткиликтүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: