УКМК: Июнь окуяларында жабыркагандарга үй куруп берген 2 фирма мамлекетке 5,7 миллион сом салык төккөн эмес
УКМКнын
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2010-жылдагы Июнь окуяларында жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү
курган “Ансар
Трейд” жана “Плутон Строй” ишканаларынын мамлекетке 5,7 миллион сом өлчөмүндө салык төкпөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу 6-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Аталган фирмалар 2011-жылы 140 миллион сомго Ош, Жалал-Абад шаарларына көп кабаттуу үй
тургузушкан.
Текшерүүлөрдө ишканалар мамлекетке аталган суммада салык бербей калганы белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш иши
козголуп, тергөө иштери
жүрүп
жатат.
Автор: Кайрат Кенжебаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















