super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Жолду тосуу мыйзамсыз болуп калат". КҮНСОБОЛ

 

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырына чекит коюла элек. Кечээ, 6-августта компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чыгышкан жергиликтүү тургундар койгон талаптарына бийлик кулак салсын деген максатта Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деп Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.

2014-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолун мыйзамсыз тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

SUPER.KG порталы "Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров белгилегендей, жолду тосуу мыйзамсыз болуп калат. "Бийлик элдин үнүн угуп, диалогго келиши керек. Тегерек стол же башка тынчтык жолу менен элдин көйгөлөрүн угушу зарыл. Жол тосууга жеткирбөө шарт. Солтон-Сарыдагы митингге чыккандар эмоцияга алдырып жатышат. Бул маселени тез арада талкууга алып, бир жыйынтыкка келүү абзел", - дейт Токтонасыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: