super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Атамбаев тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу каршылык көрсөттү"

 

Бүгүн, 8-августта президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

"Алмазбек Атамбаев Конституцияны жана мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга куралчан катуу каршылык көрсөттү" дейт мамлекет башчы.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы - укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети - бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу.

Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, өлкөдөгү мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды тез арада аткаруунун зарылдыгын белгиледи.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: