Атамбаев "Форумдун" алдына митингге бара турганын айтты
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-августта саат 16:30да "Форумдун" алдына митингге бара турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн тарапташтары менен жолукканда билдирди.
"Элдин жарымы "Форумдун алдында митинг өткөрөбүз деп айтып жатышса, айрымдар Ак Үйгө баралы деп жатышат. Бирок биринчи "Форумдун" алдына барабыз. Андан кийин керек болсо Ак Үйгө дагы барабыз", - дейт Атамбаев.
Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

