Башкы прокурор: "Кой-Ташта болгон окуядагы кылмыш иши боюнча тез арада жыйынтык чыгарабыз"
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
"Кой-Ташта болгон окуядагы кылмыш иши боюнча тез арада жыйынтык чыгарабыз" деп бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"7-августта 6 атайын даярдыктагы жоокер барымтага алынган. Бир кызматкер каза болду. Октон кызматкерлер, жөнөкөй жарандар жабыркады. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Атамбаев өзү "мен аттым" деп айтып жатат. Бул кызматкерди мен өлтүрдүм деген сөз. Кылмыш иши боюнча тез арада жыйынтык чыгарабыз", - дейт башкы прокурор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
1

