"Форумдун" алдына митингге келгендер Кой-Ташка жөнөштү









Бүгүн 8-августта, саат 16:30да "Форумдун" алдында өтө турган митингге келгендер Кой-Ташка барууга камданып жатышат. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев өз билдирүүсүндө бүгүн шаар ичине митингге келерин билдирген.
"Элдин жарымы "Форумдун" алдында митинг өткөрөбүз деп айтып жатышса, айрымдары Ак Үйгө баралы деп жатышат. Бирок биринчи "Форумдун" алдына барабыз. Андан кийин керек болсо Ак Үйгө дагы барабыз", - деген Атамбаев.
"Форумдагы" митингге барган кабарчыбыз билдиргендей, ал жакка топтолгондор Кой-Ташка жөнөп жатышат. Буга чейин белгилүү болгондой, Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан башталган.
Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.
"Форумга" митингге келген тарапташтар Кой-ташка жөнөштү

Соке бийликте болгону менен, анын саясатына нааразы болгондор коп...
Эмне эксең ошонун түшүмүн аласың деген сөз бар. Бул көрүнүш ашанын сокеге куруп берген фундаменти, так что нааразы болбой эле кой тууганым!!!