Депутат өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизүүнү сунуштады
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
Депутат Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү бул сунушту парламенттин токтомуна киргизүү керектигин айтты.
Ошол эле учурда депутат Төрөбай Зулпукаров буга каршы чыкты. "Өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизүү ашыкча. Токтомго мындай пункт киргизе албайбыз", - деди Зулпукаров.
Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 45тен ашык адам жабыркады. Атайын даярдыктагы кызматкерлеринин бири каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
-1

