super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы абал боюнча токтом кабыл алды

 

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеште Кой-Ташта орун алган окуя боюнча кезексиз жыйынга чогулушту.

Өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо чаралары боюнча депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин ортого салышты. Бул багытта өкмөткө бир катар тапшырмалар белгиленген Жогорку Кеӊештин токтом долбоору иштелип чыкты. Токтом долбоорунда өлкөдө дестабилизация кылууга жол бербөө, ага каршы бардык чараларды көрүү, УКМКнын Кой-Таштагы жүргүзгөн иш-чарасына карата Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын иш-аракетине укуктук баа берүү жана башка маселелер белгиленген.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев туруктуулукту камсыздоого кесиптештерин жигердүү катышууга чакырып, болуп өткөн окуя боюнча Башкы прокурор телеканалдар аркылуу элге кеӊири түшүндүрмө берүүсү керектигин сунуш кылды. Бир катар депутаттар талкууда айтылган сунуштар эске алынгандыгын белгилеп, токтом долбоорун колдоорун билдиришти.

Жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин токтом долбоору добушка коюлуп, кабыл алынды. Токтом долбооруна 70 депутат "макул" деп добуш беришти. Ал эми "каршы" деп эч ким добуш берген жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: