super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. ОИИБи өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн спорттук мелдештерди өткөрүүдө

 

Каникулда  окуучулардын бош убакытты туура  пайдалануусун көзөмөлгө  алуу ата-энелердин гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча "Мекеним менин – Кыргызстан" аттуу  иш-чаранын  алкагында Жалал-Абад ОИИБи ар кандай көңүл ачуучу оюндарды жана спорттук  мелдештерди өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин мындай иш-чаралар шаардын аймагында болуп келсе, эми Майлы-Суу шаарында жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда уланууда. Жакында Кочкор-Ата шаарында футбол боюнча чоң  спорттук  мелдеш  болуп өттү. Оюнда 1-орунду ээлеген Жалал-Абад шаарынын командасына 5000 сом жана  диплом  берилсе, 2-орунду ээлеген Базар-Коргон районунун футболчуларына 3000 сом жана диплом, 3-орунду ээлеген Ноокен  районунун футболчуларына 2000 сом жана диплом ыйгарылды. Ал эми Сузак районунун жана  Майлы-Суу  шаарынын  футболчуларына  кызыктыруучу  750  сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

 

  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: