super.kg logo

НТС телеканалы 3 күндөн бери Чүй облусунда жана Бишкекте туруктуу көрсөтпөй жатат. Буга каналдын директору оюн айтты

 

Акыркы 3 күндөн бери НТС телеканалынын берүүлөрү Бишкек шаарынын жана Чүй өрөөнүнүн айрым жерлеринде көрсөтүлбөй жатат. Бул боюнча аталган телеканалдын директору Миржан Балыбаевге кайрылганыбызда, ал абал тууралуу буларга токтолду.

"Таласта да биздин канал көрсөтпөй жатыптыр. Мен ал жактагы тааныштар, кесиптештер, жеке булактар аркылуу сурап маалымат топтодум. Анын негизинде белгилүү болгондой, Таласта санариптик берүүлөрдү алып берген РРС 16 деген бар. Аны түз буйруктун негизинде өчүртүп салышыптыр. Бул маалыматты бир нече өздүк булактардан тактадым. НТСти эле эмес, НТС менен кошо коммерциялык пакеттеги каналдарды өчүрүшүптүр. Санарипте социалдык жана коммерциялык пакет бар, ошонун коммерциялык пакеттеги каналдары өчкөн. Андан кийин тиешелүү жакка кайрылдым, ошондо эфирди кайра жандантышты.

Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы абал боюнча айтсам, айрым жерлерде гана биздин эфир көрсөтүлүп жатат. Муну караган уюмдун атын атабай эле коёюн, мамлекеттик эмес, менчик уюм. Мындай иштерге ошол уюм жооп бергендиктен аларга кайрылсам, биздин коммерциялык пакеттеги каналдардын передатчиктерин муздатып турчу желдеткичи бузулуп калып оңдоп жатабыз деген жүйөнү келтиришти. Муну оңдоп коюу чоң маселе эмес болсо керек. Андыктан алар айткан нерсе канчалык чын деген ой жаралууда. Желдеткичтин чын эле бузулганынан күмөнүбүз бар. Тиешелүү адамдарга чалсак телефондорун албай жатышат.

Башка аймактарда көрсөтүү өчүрүлдү деген маалыматтарды уга элекмин, станцияларга чалып жатабыз, бирок эфир токтотулду деген маалымат жок", - деди Балыбаев.

Кечээ, 8-августта "Апрель" каналы да көрсөтпөй жатканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
09.08.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
конечно по указанию властей выключили тв и сотовую связь, очень смешно и глупо когда ссылаются на другие причины, я тоже не могла дозвониться до своих родных переживала, когда слышишь взрывы и перестрелку, буду жаловаться на своего оператора, почему простой народ должен страдать
tattusha түзөттү 2019-08-09 12:24:30
09.08.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tattusha,супер инфону киргиздер окубайт Кыргыздар эле окуйт
09.08.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
НТС жок базар коргон районунда 21 чи сигнал жок
09.08.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ктрк элтр каналдврдан башкасы баары иштебей жатат
09.08.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жээнбековдун беспредел кылып жатканы жакшы эмес. Жээнбеков кет.
09.08.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке созуно турбайт бугун айткан созун эртен унутуп калат эч ишенбегиле шайлоонун алдында айткан тим эле какшаган Асылбек кетет эч бир тууганымды жолотпойм деп кана бут эле тууган уруктарын жана Матраимовтор менен Жумабековтор басып алды.басып алса эмне болуптур ичин таарып атабы дебегиле анкени алар да иш билбеген тааныш туугандарын мамлекеттик кызматка дайындап жатышат мындай болбойт.иш билген жаштар менен калыс Аксакалдар иштеп башкарыш керек эле да
09.08.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу НТС каналы сиздерден өтүнүч биздин айылда мурда тартчу акыркы бир жылдан бери тартпайт анын ордуна ынтымак каналы тартып калды. Карап тарткызып койсоңор жакшы болот эле
Ала-Бука району. Өрүктү-Сай айылы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: