super.kg logo

Дарыгер: "Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткен, ал комада жатат"

 

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткен. Ал дале комада жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына Травматология жана терапия илим-изилдөө борборунун директору, профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Кечээ анын башына экинчи оор операция жасалган. Учурда ал дале комада жатат. Катуу соккудан анын баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып, анын сыныктары баш мээсине да кирип кеткен. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди Жумабеков.

Эске салсак, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.08.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эсен аман сакайып кетсин мунун да уй булоосу кутуп отуратыр байкушту
09.08.2019. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атамбаев өмүр бою камалсада аздык кылат. Канча адамды сыздатты, согушта жүргөндөй каптарды тизип арасына бекинип оружия менен атып койуп жаткан экенда уйундо
09.08.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкушту больница жонотуп жаткан жеринде союл менен уруп атышты колун сынгырлар,камагыла Фарид Сарид ошерде жургон катындарды дагы жапайылар
09.08.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
полот алендарга окшош экен эртерээк айыгып кетиниз жолдош милиционер
10.08.2019. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсинчи кудайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: