super.kg logo
  Саясат  

Дмитрий Медведев: "Кыргыз өлкөсүнө колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Эч күмөн санабагыла, мындан ары дагы ушундай болот"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргыз өлкөсүнө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Дмитрий Медведев Кыргыз мамлекетине, анын бермети болгон Ысык-Көлгө дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин айтты. «Мурда дагы келгем, бирок келген сайын бул жердин кооздугуна суктанам. Биздин мамилелер чындап эле абдан жакшы, ар кандай маселелер боюнча кеңешип турабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша дос жана өнөктөш Кыргыз өлкөсүнө жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла», - деди Дмитрий Медведев.

Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргыз өлкөсүнө келер алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер боюнча маселелерди талкуулашканын кошумчалады.

Кечээ, 8-августта Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин Дмитрий Медведевдин соңку окуялар мамлекетте саясий жана экономикалык планда туруксуз абалга жеткириши мүмкүн деген тынчсыздануусун орусиялык ЖМКлар жазып чыгышкан. "Менимче, Кыргыз мамлекети 21-кылымда революцияга болгон өз лимитин жок кылган. Мындай окуя өлкөдө саясий жана экономикалык туруксуз абалга жеткирсе, жаман болот", - деген Медведев. Анын айтымында, Москва Кыргыз мамлекетиндеги окуяларга кылдаттык менен көз салып турат. Ошол эле учурда ал окуялар Кыргыз өлкөсүнүн ички иши экенин баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: