super.kg logo
  Спорт  

Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана жаш футболчу Ырыскелди Тыныбеков менен жолугушту

 

Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт, Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жана жаш футболчу Ырыскелди Тыныбековдун Футбол үйүндө жолугушуусу болуп өттү. Футбол боюнча 16 жашка чейинки улуттук курама команданын капитаны Ырыскелди Тыныбеков өз учурунда Англиянын "Brooke house College" футбол академиясына ийгиликтүү өткөн, окуусун күздөн тарта баштайт.

Элчи Ырыскелдинин жаңылыгын укканда кубанганын, ал окууда жана машыгуу учурунда өзүн мыкты көрсөтө аларына үмүт кылганын айтты. Буга карата Ырыскелди "Аябай толкунданып турам. Чынында, азыр оюмдун көбүн курама команданын жакында өтчү оюндары ээлеп жатат. Дүйшөмбүдөн тартып Астана кубогуна катышуу үчүн даярданабыз" деди. Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов баланы тарбиялаган ата-энесине ыраазычылык билдирип, мунун баары башталыш гана экенин жана келечекте кыргыз футболчуларына сыймыктануу үчүн себептер көп болорун айтты. Баарлашууга чогулгандар футбол жаңылыктарын сүйлөшүп, бири-бирине белек тартуулашты.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш футболчу Ырыскелди Тыныбеков тууралуу көп маалымат алгыңыз келсе, анда анын "Супер-Инфо" гезитине берген маегин ушул шилтемени басып окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: