Австралиянын тургундары эки айдын ичинде континенттеги эң сүйкүмдүү коала үчүн тандоо турун жүргүзгөн. Аны Голд-Кост шаарындагы "Paradise Country Nature Park" паркындагы 8 айлык Таллоу жеңип алган. Жалпы сынактын жыйынтыгын Tourism Australia мамлекеттик порталы жарыялаган.
"Финалдык бөлүктөгү добуш берүү 24 саатка созулган. Добуш берүүгө 1 миллионго жакын адам катышып, эң көп добушту Голд-Кост шаарынын улуттук паркындагы Таллоу алган", - деп калыстар тобундагы мүчөлөрдүн бири, порталдын туризм боюнча менеджери Глоба Ник Хендерсон билдирди.
Paradise Country паркы Таллоунун жеңиши менен сыймыктанарын билдирди. Улуттук парктын кызматкерлери өздөрүнүн бардык коалаларын сүйкүмдүү экенин белгилешкен.

Супер-Инфо
super.kg видео

















