super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын саясий кеңеши жана "Элдик штаб" биргелешип билдирүү таратты

 

КСДПнын саясий кеңеши жана "Элдик штаб" биргелешип билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта КСДПдан билдиришти.

"Биз Кыргыз өлкөсүнүн бийлигинен КСДП партиясынын мүчөлөрүн жана "Элдик штабдын" өкүлдөрүн саясий куугунтукка алууну токтотууну, ар тараптан жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жана атайын даярдыктагы отряддын кызматкеринин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрлөрүн аныктоону талап кылабыз. Укук коргоо органдарынан кечээ калаада жана жакынкы айылдарда болгон толкундоолордо чагым кылгандарды аныктап, жоопкерчиликке тартууну суранабыз.

Биз кармалган Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге карата бардык процессуалдык жол-жоболор толугу менен Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамына ылайык аткарылышын талап кылабыз. Ага жана башка кармалган тарапташтарына карата күнөөсүздүк презумпциясынын принциптери ийне-жибине чейин сакталышын талап кылабыз.

Биз мурункудай эле Алмазбек Атамбаев кол тийбестикке ээ, демек, анын кармалышы жана кийин камакка алынышы мыйзамсыз түрдө жүргүзүлдү деп эсептейбиз. Ошондой эле, биз бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнү токтотуп, "Апрель" телеканалынын эфирин толугу менен калыбына келтирүүгө чакырабыз.

КСДП партиясынын жана "Элдик штабдын" мыйзамсыздыкка каршы саясий жана коомдук ишмердүүлүгү толугу менен уланып жатканын билдиребиз", - деп айтылат малыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: