super.kg logo

Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча суракка кирген эки депутат айым сурактан чыкты

 

Бүгүн, 9-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина Ички иштер министрлигине суракка чакыртылган. Алар 6 саатка жакын сурактан кийин чыгарылды. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, депутат айымдар тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу маалыматты таратпоо жөнүндө тиешелүү документтерге кол коюп беришкен.

КСДПнын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова сурак учурунда 7-8-августта болгон окуяларга тиешелүү суроолорго жооп бергенин билдирди. Ал эми, аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жалпысынан 6 саатка созулган сурактан кийин коё берилген.

Айта кетсек, кечээ, 8-августта Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген. Ошондой эле, 8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: