Солтон-Сарыдагы чыр: Алтын кенин казган компаниянын ишин токтотууну талап кылган эл Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жапкан жок, абал тынч
Солтон-Сарыдагы алтын кенин казган компаниянын ишин токтотууну талап кылган эл Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жапкан жок. Алар маселенин тынчтык жолу менен чечилишин каалап жатканын өздүк булактардан кабарлады.
"Бүгүн, 9-августта Нарын облусунда абал тынч. Жолду жабабыз деген эл 5 кишиден турган атайын комиссия түздү. Комиссиянын максаты - тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Кара-Чий айылынын жанына боз үй тиккен эл Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жапкан жок. Эл менен жолугушуу үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов келди", - деп билдирди өздүк булактан.
3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
