Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн анча алыс эмес жерден Калашников автоматы октору менен табылды
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)





Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн алыс эмес жерден Калашников автоматы октору менен табылды. Куралды шаар тургуну Бишкек ШИИББине алып келген.
"9-августта С.С. аттуу жаран Кой-Ташка жоготуп алган дронун издөө үчүн барган. Ал дронду Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн 100-150 метр алыс жерден издеп жүргөндө АК-47 куралын 26 патрону менен 2 даана аскердик каска жана белге тагылчу шайман таап алган. Ал өз эрки менен табылган каражаттарды башкармалыкка алып келген.
Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин маалымат журналына катталып, тергөө кызматына жөнөтүлдү", - дейт басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Ашанын кучуктору женилгенине чыдабай ар турдуу чагымчыл иш аракеттерди ойлоп таап атышат.Маани берип окуп корсонор жаш балага токулган эле жомок!
Бирок бизге армиянын кереги деле жок экен... эгерде сырттан кандайдыр бир кол салуу болсо элдер оздору эле курал алып коргонууга даяр экен!!!
Просто тактика деген жок экен, даярдык ноль экен! Ага караганда элдерде ынтымак кучтуу экен. Депутат Шыкмаматов айттыго 60 спецназ барды, АША болсо бир звонок менен 2000 киши чогултат деп (ошондо АША 5 эле звонок менен революция кыла алат экенда)!!!