super.kg logo

Кой-Таштагы кагылышуудан жалпысынан 136 адам ооруканага кайрылган

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы кагылышуудан жалпысынан 136 адам жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 7-8-9-августта ооруканага кайрылгандардын бардыгынын абалдары канааттандырарлык.

"Жабырлануучулардын ичинен 109 адамга ооруканалардан, дагы 27 бейтапка Кой-Таш айылынан медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 14 бейтап дарылануусун улантып жатат.
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 7 адам, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Улуттук госпиталда 4, Чүй облустук ооруканасында 2, Ысык-Ата аймактык ооруканасында 1 бейтап дарыланууда. Алардын ден соолугу канааттандырарлык.

Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы дагы деле оор бойдон калууда", - деп кабарлайт басма сөз кызматынан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2019. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
1000 сом 5000 сомдон алып жыргап гана бассейндин жеегинде жаттынар эле эми минтип палатанын кушеткасын кучактап жатасынар чала болот силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: