super.kg logo

Алмазбек Атамбаевдин жээнин УКМКга суракка алып кетишти

 

Бүгүн, 10-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жээни Нурбек Шаршеновду УКМКга суракка алып кетишти. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын Чүй облусундагы кызматкерлери Кой-Ташка барышкан. Алар Нурбек Шаршеновду суракка алып кетишкен. Жолдубаева аларды кайсы иш боюнча жана эмнеге суракка алып кеткени азырынча белгисиз экенин айтты. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы КСДПнын өкүлдөрүнүн бири Кундуз Ажибекова дагы суракка чакыртылганын кабарлады.

8-августта Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген. 9-августта ал Ички иштер министрлигине экинчи жолу сурак берүүгө чакырылып, күбө катары тиешелүү суроолорго жооп бергенин айткан.

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон.






УКМКнын кызматкерлери Кой-Ташка барышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: