super.kg logo

Медиа эксперттер мүлкү камакка алынган "Апрель" телеканалы боюнча талаптарын койду

 

Медиа коомчулугу бийликтин "Апрель" телеканалына карата жасаган аракетин сынга алды. Медиа эксперттер телаканалдын камакка алынган мүлкүн бошотуп, каналдын эфирге чыгуусун талап кылган билдирүү жасады. Ошондой эле алар 2017-жылы "Сентябрь" каналы дагы бийлик тарабынан жабылганын эске салышты.

“Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы 9-августта "Апрель" телеканалы жайгашкан "Форум" имаратын басып алып, телеканал ишин убактылуу токтотту. Ошондой эле бул имаратта иштеген башка массалык маалымат каражаттарынын ишинде кыйынчылыктар жаралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эксперттердин айтымында, "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алууга зарылчылык болгон эмес. Анткени шектүү камакта. Телеканалга мыйзам бузуу боюнча эч кандай айыптар коюлган эмес. Медиа коомчулугу өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдон бул абалга кайдыгер карабай, туура чечим кабыл алуусун талап кылышууда.

"Саясий кризис учурунда “Апрель” телеканалы өлкөдөгү окуяларды чагылдырып келди. Телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышы, ишинин убактылуу токтотулушу чектен ашкандык. Конституцияга ылайык, бардык чектөөлөр мыйзамда каралгандай болушу керек. Андыктан биз телеканалдын мүлкүн камакка алуу иш-чараларын токтотууну талап кылабыз.

Бүгүнкү күндө биз мурдагы президентке карата соттун адилеттүү жана мыйзамдуу чечимин күтүп жатабыз. Мындай учурда өлкөдө эмне болуп жатканын чагылдыруу үчүн бир катар маалымат каражаттары керек. Анткени эл өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып, өз баасын бериши мамлекет үчүн маанилүү. Массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги - ар бирибиз каалаган учурда каалаган басылмалардан жаңылыктарды окуп туруу дегенди билдирет. Дал ушул факты биздин өлкөнү өзгөчө кылып турат", - деп жазылган кайрылууда.

Жогорудагы кайрылуу катына Медиа институтунун өкүлдөрү, Медиа өнүктүрүү борбору, "Center Foundation", "Медиа консалт" фонду, "Интерньюс" уюму, "Журналисттер" коомдук бирикмеси жана Аделя Лаишева кол койгон.

9-августта "Апрель" телеканалы ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Буга атайын даярдыктагы жоокерлердин "Форум" имаратын басып алып, кызматкерлердин чыгып кетүүсүн талап кылганы жана соттун чечими себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар аргасыздан "Мен боз улан кезде кайда элен деген ырды эстетет.Сентябрь жабылганда кайда эленер.
11.08.2019. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бир эле жерди тиктейбизби? Олко онугубатат деген эле жанылык угат экенбиз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: