super.kg logo

Чүй ОИИББинин жетекчисин дарылоого Орусиядан атайын адистер келери күтүлүүдө

 

7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында күч органдары менен анын тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алган. Анда бир нече адам жаракат алган. Алардын арасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов дагы болгон.

Дарыгерлер Самат Курманкуловдун баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткенин айткан. Ага эки ирет операция жасалган, бирок абалы оор бойдон калууда.

"Бүгүн, 10-августта Бишкектеги травматология жана илим изилдөө борборунда атайын консилиум (бир же түрдүү багыттагы окумуштуулардын, профессорлордун жыйыны) өттү. Ага профессорлор, медицина илимдеринин докторлору, Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Буранбек Дүйшеев, Травматология жана илим изилдөө борборунун профессору Сабырбек Жумабеков, Советбек Сатиев, анестезиолог Айна Молдоташева жана медицина илимдеринин доктору Нурлан Оморов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы анестезиологу Гүлжан Жүзүмалиева, министрдин орун басары Мадамин Каратаев катышты.

Мындан тышкары, Орусиянын илимдер академиясынын академиги, Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун директору Александр Потапов менен онлайн-жыйын болду. Александр Потапов Самат Курманкуловду дарылоо тактикасы туура жүргүзүлүп жатканын айтты. Жыйындын аягында Н. Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери Бишкекке келип, Курманкуловго медициналык кароо жүргүзүп, дарылануусуна жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды", - деп билдирет маалымат кызматынан.

Консилиумга президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
10.08.2019. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх ушинтип жонокой жарандар ды да карасанар экен чуркашып бийлик эмнелерди эле кылбайсынар мейли жакшы болуп кетсин
10.08.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Jango,карабай койсо дагы айтасынар, вооот бийлик жонотуп коюп эми карабай таштап койду деп,суйлотуп эле койсо!
Жакшы болуп кетсе экен,уй булосунун азыркы абалын элестетип ыйлагым келди, канча кундон бери озуно келе албай жатат
10.08.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакшы болуп кетсин ылайым
10.08.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудайым озун жар боло кор
10.08.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки доо кармашса ортодо чымынга убал.
10.08.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каза болду деген жанылыктан Кудай озу сактасын!Айыгып эле кетсе экен
11.08.2019. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не жалаң элиталарды сабаганбы бул атамбайлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: