Бишкекте халал товарлардын жарманкеси болот
Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда
8-августта халал товарлардын жарманкеси болот. Бул иш-чара Орозо айт майрамына
карата уюштурулмакчы. Жарманкеге эт, сүт, кондитердик азыктарды чыгарган, ошондой
эле медициналык, косметикалык каражаттарды өндүргөн халал сертификатына жооп
берген 30дан ашуун ишканалар катышат. “Иш-чара учурунда тамактарды ооз
тийүүгө жана медициналык кызматтардан бекер пайдаланууга болот”,- деп жазылган
билдирүүдө.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















