super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Centerra Gold Inc." компаниясы менен стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтү «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу жана анын күчүнө кирүү процедураларын аяктоо "Kumtor Gold Company" компаниясына стратегиялык келишимде каралган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жана Онкологияга колдоо көрсөтүү фондуна төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзөт. Мындан сырткары, "Kumtor Gold Company" Кыргыз Республикасына стратегиялык келишимде каралгандан тышкары кошумча төлөмдөрдү салууга милдеттенди. Анын ичинде компания тарабынан:

- Кыргыз Республикасынын жаңы Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм;

- Экинчи аяктоо мөөнөтүнөн кийин 12 ай бою Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм;

- Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна ай сайын Экинчи аяктоо күнүнөн кийин алынган "Kumtor Gold Company" компаниясынын дүң кирешесинин 0,4 пайыз эквиваленттүү чегерүүлөр;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм;

- "Кумтөр" кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион долларынан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.

"Centerra Gold Inc." компаниясынын президенти Скотт Перри белгилегендей, стратегиялык келишимдин аяктоосу Centerra менен Кыргыз Республикасынын бекем алакаларын күбөлөндүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кумтөр" долбоорунун өлкө экономикасы үчүн маанилүүлүгүн ар дайым баса көрсөтүп, биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо жана алтын кенинде экологиялык ченемдерди кынтыксыз сактоо зарылдыгын белгилеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: