super.kg logo

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

 

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө түзүлгөн "Элдик штабдын" мүчөсү болгон.

Амантур Жамгырчиев "массалык башаламандык уюштуруу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "ээнбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган.

10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды.

11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: