super.kg logo

Чехиядагы ресторанда желбей калган тамак-аш калдыгы үчүн салык салынат

 

Чехиядагы ресторанда желбей калган тамак-аш калдыгы үчүн салык салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чехиянын Добромержице кыштагында "канча кааласаң, ошончо же" деген принципке таянып иш жүргүзгөн ресторандын жетекчилиги желбей калган тамаш-аш үчүн салык киргизүүнү баштады.
"Менимче 50 крон (Чехия акча бирдиги, болжол менен 151 сом) кардарларга ылайыктуу сумма. Эгер кимдир-бирөөнүн табагында кичине картошка же кнедлик (тамактын түрү) калса, албетте, биз аларга салык салбайбыз", - деп түшүндүргөн ресторандын ээси Роман Воржишек.

Мындай эреже бир канча айдан бери иштеп жатат. Желбей калган тамак-аш үчүн салык тууралуу маалымат залда жана кире бериште илинип турат.

"Канча кааласаң, ошончо же" принцибине ылайык, тамактануучулар 97 крон (292 сом тегереги) төлөшөт. Кардарлар тамактын кайсы түрү болбосун каалаган көлөмдө жей алышат. Тамактанып бүткөн соң кардарлар тарелканы ашканага алып барууга милдетүү. Эгерде тарелкада тамак калдыгы калган болсо 50 крон өлчөмүндө салык төлөөсү шарт. Мындай чен-өлчөм кардарлардын тамак-ашка болгон ысырапкорчулугуна каршы киргизилген.

Чех соода инспекциясы бул эреже мыйзамга каршы келбестигин айтып чыкты. Эгер кардар желбей калган тамак үчүн салык төлөөдөн баш тартса, ресторан сот аркылуу төлөтүп алууга толук укуктуу", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.08.2019. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун го.
12.08.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ысырапкерчиликке богот коюп жатпайбы, бизге да алын жетишинче эле той кыл деген мыйзам керек
12.08.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көк пакет жок окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: