super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов депутаттык мандатынан ажырайт

 
2012-жыл, 3-октябрь. "Кумтөр" маселеси боюнча өткөн митингде депутат Ташиев өзүнүн тарапташтары менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүүдө
Жогорку Сот бул 3 депутатты күнөөлүү деп тапты. Буга байланыштуу алар депутаттык мандатынан автоматтык түрдө ажыратылат
Жогорку Кеңештин депутаттарынын мандаттары

Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов депутаттык мандатынан ажыратылат. Бул тууралуу "ата журтчу" 3 депутаттын ишине катышкан мамлекеттик айыптоочу Азизбек Шүкүрбеков билдирди. "Юридикалык жактан алганда бул 3 депутат мандатынан ажыратылышы керек. Качан, кандай тартипте мандатынан ажыратыларын БШК чечет",- деди ал.

Ал эми БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков эл өкүлдөрү боюнча Жогорку Соттун чечими БШКга келери менен алар автоматтык түрдө депутаттык мандаттарынан ажырай турганын билдирди. “Жогорку Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Ошондуктан өкүмдү БШК алары менен эрежеге ылайык, "күнөөлүү" деп табылган депутаттар мандаттарынан ажыратылат. Кайталайм, Жогорку Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Ал эми бул 3 депутаттын ордуна тизме боюнча кийинки талапкерлер келет”,- деди Кадырбеков.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: