super.kg logo

"Апрель" телеканалынын иши качан жанданары белгисиз

 

"Апрель" телеканалы 7-август күнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди биринчи жолу кармоо операциясы башталгандан кийин 1 саатка жетпей өчүрүлгөн. Мындай маалыматты аталган каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников билдирген.

"Апрель" телеканалы өчүрүлгөндөн бери 6 күн өттү. Учурда телеканал эмне иш кылып жатат жана мындан ары эмне иш кылат деген суроо менен кайрылдык. Каналдын жетекчиси азыркы тапта юристтер менен кеңешип, тийиштүү документтерди топтоп жатканын, жакынкы арада сот органдарына кайрыла турганын айтты.

"Апрель" телеканалынын мүлкүнүн камакка алынышы анын ишин токтотуу дегендик эмес. Бизге көрсөткөн соттун чечиминде телеканал ишин токтотсун деген нерсе жок. Андыктан биз, кызматкерлер, азыркы тапта кеңсебизиге кирип, ишибизди улантуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз. Бардык тийиштүү документтерди топтоп, жакынкы арада сот органдарына жана ИИМге кайрылабыз.

Учурда каналдын кызматкерлери иштеген жок. Тагыраагы, телеканал иштей элек. Мындан ары эмне иш кыларыбыз азырынча белгисиз. Бирок сөзсүз каналдын ишин жандантуу үчүн аракет кылабыз", - дейт ал.

Ал эми аталган каналдын кызматкери Самат Качкынов "Форумдун" имаратын атайын даярдыктагы жоокерлер кайтарып турганын, милиция кызматкерлери имараттын ичине адамдарды тизме менен киргизип жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: