super.kg logo

Келечекте стоматологдор жумушсуз калышы мүмкүн. Окумуштуулар жаңы тиштерди кантип өстүрүүгө болорун аныкташты

 

Келечекте стоматологдор жумушсуз калышы мүмкүн. Окумуштуулар түшүп калган тиштин ордуна жаңы тишти кантип өстүрүүгө болорун аныкташты. "Медицинада укмуштуу ачылыш" деп коштолгон маалыматтар дүйнөлүк ЖМКларга жарыяланды.

Британиялык окумуштуулар тиштин ткандарын табигый жол менен калыбына келтирүү жолдорун иштеп чыгып жатышат. Алардын айтымына караганда, атайын даярдалган белок чоң адамдардын түшүп калган тиштеринин ордуна жаңысын өстүрүүгө жардам берет.
Адамдын тиштеринин өсүшү кичинекей кезинде эле токтойт, ал эми көпчүлүк жаныбарларда бул процесс өмүр бою улана берет. Муну окумуштуулар өсүүнүн негизинде бир канча сөңгөкчө клеткалары катышкандыгы, ал бардык клеткаларды өндүрүүгө жөндөмдүү болгондугу менен түшүндүрүшкөн. Мындай клеткалар адамдарда да бар, бирок ал клеткалар түшүп калган тиштин ордун калыбына келтирүү же жаңы тиш өсүп чыгуу учурунда процесске катышпайт. Гарвард университетинин биологдору 4 жыл мурун лазердик импульстардын жардамында кантип сөңгөкчө клеткаларын активдештирүүгө болорун ойлоп чыгышкан.

Азырынча эксперимент келемиштерге гана жүргүзүлүп жатат. Аны менен катар окумуштуулар сөңгөкчө клеткаларын активдештирүүдөн же "ойготуудан" адам залака тартабы же жокпу, ошол жагын изилдеп жатышат.

Изилдөөчүлөр жакынкы келечекте регенеративдик медицинада дарылануучулардын жашоосун радикалдуу түрдө өзгөртө турганын баса белгилешти. Окумуштуулардын пикирине караганда, бул тажрыйба тиштерди толук түрдө жасап чыгуу технологиясында чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
14.08.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болот экен да стамотологторго барбай даары ичип тиш өстүрүп алсаң...
14.08.2019. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirkaa5182, он миңби жүз миңби сатып алмакмын мен. Өзүңдүн тишиңе эмне жетсин
14.08.2019. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тишин ооруса баарыбир стоматолого кайрыласын да
14.08.2019. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эртерээк ишке ашып бизге да келсе сонун болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: