ИИМ: "Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка да чакырылган эмес"
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана журналист Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка да чакырылган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.
Ошондой эле буга чейин жарыяланган Мирбек Айтикеевдин 10-октябрга чейин камакка алынгандыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын министрлик кошумчалады.
7-8-август күндөрүндөгү Кой-Ташта жана Бишкекте орун алган окуялардын алкагында ачылган кылмыш иштери боюнча Мирбек Айтикеев күбө катары өтүп жатканын ИИМ билдирди.
Мирбек Айтикеев 7-август күнү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч органдары тарабынан кармоо учурун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфир менен чагылдырган. Ошол окуядан бери анын дайыны белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
pirim77

13.08.2019. 16:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уйундо эле жатса керек. Агасы да ушундай типа оппозиция болумуш боло берет эле. Аялынын боюнан тушконун да бийликтен коргон немеден баарын кутсо болот. Озун озу ургулап деле сабап кетти дегенден кайоа тартпаган неме. Качан кармап кетер экнн деп отурса керек прямой эфир кыла калайыг деп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.