Түп районунда жол кырсыгы болуп, 3 адам көз жумду
Ысык-Көл облусундагы Түп районунда жол кырсыгы болуп, 3 жаран көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 6-августта саат 17:00 чамасында Түп - Кеген унаа жолунда Б.Т. Тойота Лэнд Крузер үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 2005-жылы туулган кыз жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.