super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч органдарынын ишинде кайсы аракеттер туура, кайсынысы туура эмес болду? Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Атамбаевди сүйлөшүү жолу менен колго түшүргөнү туура болду"

 

Бүгүн ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор маалымат жыйынын берди. Жыйында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Алмазбек Атамбаев эки жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшкөнүн жана Кой-Ташта орун алган окуя тууралуу айтып беришти.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч органдарынын ишинде кайсы аракеттер туура, кайсынысы туура эмес болду?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев 7-августта Атамбаевди кармоо боюнча аракеттер туура эмес болгонун айтты.

"7-августта УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгынын атышканы, Атамбаевди кармоо тактикасы туура эмес болду. Ал эми 8-августта генерал Курсан Асанов баш болуп сүйлөшүү жолу менен Атамбаевди багынтып, колго түшүрүп алып кеткени туура болду", - дейт Каныбек Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: