super.kg logo

Кундуз Жолдубаеванын телефондорун тартып алуу боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

 

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаеванын уюлдук телефондорун тартып алуу боюнча Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

"Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 244-берене (Барымтага алуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жолдубаеванын уюлдук телефондорундагы маалыматтарга кароо жүргүзүлгөн.
Аталган факты боюнча күбө катары Кундуз Жолдубаева суралды. Анда ал Алмазбек Атамбаевдин үйүндө болуп жаткан бардык фактыларды уюлдук телефонуна тарткандыгын көрсөткөн.
2019-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде Кундуз Жолдубаеванын уюлдук телефондору сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максатында текшерүүгө алынган", - деди басма сөз кызматынан.

Кундуз Жолдубаева укук коргоо органдарын сотко берерин айтып чыккан. Буга Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Жолдубаеванын телефонун тартып алганы себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: