super.kg logo

Жети-Өгүздө сел бузуп кеткен жолдор оңдолууда

 
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жети-Өгүз районунун сел каптаган айылдарында болуп, абал менен таанышты
Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Жети-Өгүз районунун бир катар айылдарЫ селден жапа чекти

6-августта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жети-Өгүз районунун сел каптаган айылдарында болду. Кырдаал менен таанышып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Сел жууп кеткен көпүрө жана дамбаларды калыбына келтирип, бузулган жолдорду оңдоо үчүн министрлик техника жана күйүүчү май бөлүп берди. Учурда бузулган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Министр Боронов көйгөй жоюлуп, элди сугат суу менен камсыздоо жакын арада чечилерин билдирди. Эске салсак, 3-август күнү катуу жааган жамгырдан улам Тосор, Барскоон, Кызыл-Суу айыл аймактарында тоодон ылдый сел жүрүп, дамба жана көпүрөлөр жабыркаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: