Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды
Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Башкы прокуратурага Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы келип түштү. Ага ылайык, 7-8-август күндөрү ИИМ министринин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ИИМ министринин буйруктарын аткарбастан, аны менен кеңешпей туруп ИИМдин кызматкерлерин башкаруусуз, коркунучта калтырып мыйзамды одоно бузган. Мындан сырткары, далил буюмдарды жана тергөөгө керектүү документтерди жашыруу менен жазык-процессуалдык мыйзамдарды сактаган эмес.
Кызматтык иликтөөнүн материалдары иликтенип чыгып, чогултулган материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлдү. Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган тергөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Азыр Жээнбековтон адилеттуулукту кутуп болбойт. Жээнбековтор туугандары менен бийликти менчиктеп алды. Жээнбеков трайбалист.
Мен ойлоймун Курсан Асановко кылмыш ишин ачпай кайра сыйлык бербейсиңерби?
Жээнбековтордун өзүнө да иш козголот. Жээнбеков үяты жок чыккынчы адам. Эл Жээнбековту жек көрөт. Жээнбековтун таянганы МВД, ГКНБ эле болуп калды. Жакын арада калың эл көтөрүлөбүз.
экс зам мин МВД КР К Асановдү күнөөлөгөн эмнеси?Пакеттин ичинде эмне бар экенин бир Аллах анан АША билсе керек.Өзүңөр АШАнын жанына даап бара албайсыңар да,анан сүлөшкөн кишини төө басты кылганыңар кандай?Уят эле болуп жатабыз негизи биз дүйнө жүзүнө.Ойлонгула бийликтегилер тереңирээк.