super.kg logo

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева: "Курсан Асанов бизге эч кандай маалымат берген эмес"

 

ИИМ Курсан Асановду "маалымат берген" деп кызматтан алганы үчүн актануу аракеттерин көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"ИИМ аны кызматтан кетиргенин актоо үчүн Асановду каралоо аракеттери жүрүүдө. Сүйлөшүүлөрдө анын ролу чоң жана чечкиндүү. Сүйлөгөн сөздөрү ишеним арттыргандыгы үчүн Атамбаев аны менен сүйлөшүүгө барган.

Ал эми "акча алды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын айланасындагы азыркы жагдайга Курсан Асановдун Атамбаевди кармоодогу сүйлөшүүлөрдөн кийин чыккан атагы себеп болушу мүмкүн. Себеби бул окуядан кийин ал чыныгы "элдик генерал" экенин далилдеди.

Курсан Асанов бизге эч кандай маалымат берген эмес. Кой-Таштагы сүйлөшүүлөргө чейин жана андан кийин да биз байланышкан эмеспиз. Бул мүмкүн болгон эмес, себеби Кой-Ташта байланыш жок болчу. Ал эми ызы-чуу салган баштыктын ичинде папкадагы документтер гана болгон. Ал баштыктын кармагычы да үзүлүп калган болчу, алгач жан сакчынын жанында, кийин менин жанымда жүргөн", - деди Жолдубаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: